Жалал-Абадда "Ага-ининин" тамак-ашына уулангандардын абалы айтылды




Жалал-Абадда "Ага-ини" тез татым жайынан тамактангандан кийин 40 адам ууланды. Алардын ичинен 28 бейтап ооруканада жатат. Жалал-Абад шаардык мэриясы бейтаптардын абалы канааттандырарлык экенин кабарлайт.
"Бүгүн, 1-июлда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө жаткан бейтаптардын абалынан кабар алды. Дарыгерлер бейтаптардын абалы канааттандыралык экенин билдиришти", - дешет мекемеден.
Эске салсак, "Ага-ини" тез татым жайынан 28 адам тамак-ашка ууланып, ооруканага жаткырылган. Дагы 12 адам амбулатордук дарыланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.