super.kg logo

Казакстанда коронавирус күч алып, карантиндик чектөөлөрдү киргизүү талкуулана баштады

 

Казакстанда коронавируска чалдыккандар кайрадан күч алып, карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү талкууланууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, акыркы 3 күндөн бери өлкө аймагында илдетти жуктургандардын саны тездик менен артып жатканы байкалган. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 189 адамдан вирус аныкталганы кабарланды. Алардын көбү Алматы жана Нур-Султан шаарларында.

Мындан 3 күн мурун эле, тагыраагы 28-июнда илдет 61 адамдан аныкталган. Демек, 3 күндө вирус жуктургандардын саны 3 эсеге жогорулаган.

Учурда өлкөдөгү Тармактар аралык комиссия карантиндик чектөөлөрдү күчөтүү тууралуу суроолорду талкуулап жатканы айтылды. Эгер оорунун жайылышы ушундай калыпта улана бере турган болсо жакынкы күндөрү кайрадан катаал чаралар күчүнө кириши мүмкүн. Ошондой эле Нурсултан жана Алматы шаарлары күндөн-күнгө "сары" аймакка жакындап бара жатканы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: