super.kg logo

"Бишкек башкы архитектура" мекемесинин мурдагы жетекчиси кармалды

 

“Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси, борбор калаанын башкы архитектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кармалган адис кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, белгиленген нормаларды бузган факты аныкталган.

"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси кызматтык абалынан пайдаланып борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик имараттарды долбоорлоого жана курууга мыйзамсыз уруксат бергени аныкталды. Ал курулуш уюмдары менен сүйлөшүп алып жасаган мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, Бишкектеги коопсуздук эрежелерин сактабастан архитектура жана шаар куруу нормаларын бузуу менен баш аламан курулуштардын жүргүзүлүшү байкалууда. Ошондой эле "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемесинин кызмат адамдарынын жардамы менен курулуш уюмдары тарабынан жер тилкесин рейдерлик жол менен басып алуу фактылары да бар.

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчиси А.К.К. кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган фактыларга кызмат адамдарынын жана башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешет маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: