super.kg logo

Бишкектин Шүкүров көчөсүндө тосмолор бузулууда

 

Бишкекте Шүкүров көчөсүндө тосмолор бузулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекция Шүкүров көчөсүндө муниципалдык аймакка кирип кеткен тосмолорду күч менен бошотууга киришти.

"Буга чейин шаардыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин 13 жеңил курулушту ээлери өз ыктыяры менен алышкан. Бирок шаардыктардын баары эле муниципалитеттин эскертүүлөрүнө баш ийишкен жок. Мындай тосмолор инспекция тарабынан толугу менен демонтаждалат, муниципалитет тарабынан 2 тосмо жана 1 темир тосмо алынды. Учурда жолду реконструкциялоо иштери башталды", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле инспекция тарабынан беш күндүн ичинде муниципалдык жер тилкелерин өз ыктыяры менен бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Жалпысынан 71 үйдүн тосмолору реконструкцияланууга тийиш экени айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: