Токиодо "Ала-Тоо" соода түйүнү ачылды. Анда кыргыз товарлары сатылат (сүрөт)







Кечээ, 1-июлда Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев «Ала-Тоо» кыргыз товарларынын соода түйүнүн ачылышына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, соода түйүндө Кыргыз өлкөсүнүн товарлары, ошондой эле курамында Кыргызстандын органикалык өндүрүш бар тамак-аш азыктар тартууланат.
Аземде элчи Арстанбаев эки өлкөнүн ишкерлеринин аракети жана Кыргызстанда өндүрүлгөн органикалык азыктардын жогорку сапаты менен алар Япония рыногунда өз ордун ээлегенин белгиледи.
Аталган долбоорду япониялык ишкер Масуда Эйдзиро Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин көмөгү менен ишке ашырды.
Маалымат үчүн: 2021-жылы Японияга 25 миллион 390 миң сомго 43,4 тонна кыргыз балы экспорттолгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.