Кийим-кече товарлары болгон. Караколдо таң эрте базардан өрт чыкты

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 2-июль күнү саат 07:10 чамасында базарда контейнер күйүп жатканы тууралуу 101 кызматына кабарланган.
Кырсык катталган жерге Каракол шаардык №15 Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 бригада тартылды. Өрт саат 7:55те чектөөгө алынып, азыркы учурда жеринде өчүрүү иштери жүрүүдө.
Тилсиз жоодон жабыркагандар жок. Ал эми контейнердин ичинде кийим-кече товарлары болгон. Азыркы тапта өрттүн келип чыгуу себеби жана чыгымдар такталууда.
Караколдо таң эрте базардан өрт чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.