super.kg logo

Англияга ишке орноштурууну убадалап. Чүйдө алдамчылыкка шектүү адам кармалды

 

Чүй облусунда алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 6-июнда Аламүдүн РИИБине чала тааныш адамга чара көрүү өтүнүчү менен 1988-жылы туулган О.А. аттуу жаран кайрылган. Анда ал ушул жылдын апрель-май айларында Англияга ишке орноштурууну убадалап 1350 доллар жана 19 500 сом өлчөмүндөгү акчасын алып качып жүргөнүн билдирген.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектелип 1976-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда милиция кызматкерлери кармалган жарандын дагы башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын такташууда.

Жогорудагы адамдан жапа чеккендер ички иштер органдарына кайрылса болот. Байланыш номерлер: 0312 36 35 27, 0312 36 35 23; Чүй ОИИББинин нөөмөт бөлүмү 0312 43 01 27, 0312 43 8885.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: