super.kg logo

Садыр Жапаров "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" мыйзамга кол койду

 

Президент Садыр Жапаров «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 16-июнунда кабыл алынган.

"Энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) Кыргыз Республикасында тезинен өнүктүрүү максатында электр энергиясынын тартыштыгы, ЭКБ тарабынан иштелип чыккан энергияны республиканын экономикалык жактан өнүгүшүнө жана отун теңдемине кошуу менен шартталды.

Бүгүнкү күндө ЭКБнын негизинде энергетикалык кубаттуулукту өндүрүүнүн ири жана чакан объекттеринде дагы жаңы кубаттуулукту киргизүүнүн чоң көйгөйү турат.

ЭКБны колдонуунун жаңы технологиялары айлана-чөйрөгө жана адамдын ден соолугуна терс таасир тийгизүүсүн төмөндөтүү, ар түрдүү категориядагы керектөөчүлөргө кымбат эмес, ишенимдүү, туруктуу жана заманбап булактарды жалпы алуу мүмкүнчүлүгүн ачуу менен атаандаштык энергия жабдууну камсыздай алат. Бул Кыргызстандын Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) туруктуу өнүктүрүү жаатындагы максаттарына жетүү боюнча милдеттеринин бири болуп саналат", - деп жазылат маалыматта.

Сунуш кылынган мыйзам төмөнкүлөрдү камтыйт:

ЭКБны пайдаланууга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;
ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери;
ЭКБ жаатындагы экономикалык жана уюштуруучулук-укуктук механизмдер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: