super.kg logo

Чу дарыясына 4 жүргүнчүсү бар унаа түшүп кетип, 2 адам каза болду

 

Чүй облусундагы Чу дарыясына 4 жүргүнчү менен бара жаткан унаа түшүп кетип, анын экөө жеринде каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кырсык кечээ, 1-июль күнү Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылында болгон. Анда Тоуоta Corolla үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай калып, унаасы менен Чу дарыясына түшүп кеткен. Натыйжада унаада бара жаткан 65 жаштагы М.Г. жана 41 жаштагы Ж.А. аттуу эки жаран каза болгон.

Ошондой эле 1952-жылы туулган И.Л. жана 1972-жылы жылы туулган Н.Л. аттуу эки аял киши жабыркаган.

Жерине барган куткаруучулар эксковатор менен дарыяга түшүп кеткен унааны чыгарып, каза болгон жарандардын сөөгүн ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган эки аял "Тез жардам" унаасы менен ооруканага жеткирилгени кабарланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: