super.kg logo

"Кыргыз көмүр" мамлекетке 127 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды

 

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги тарабынан мамлекетке 127 миллион 185 миң сом зыян келтирилген факты аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мамлекеттик ишкананын жетекчилиги жана кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, мыйзамсыз түрдө "Ж" жана "И" жоопкерчилиги чектелген коомдор менен келишим түзүшкөн.

"Кара-Кече" көмүр кенинен Балыкчы шаарына чейин 200 миң тонналык көмүрдү ташып жеткизүү үчүн кызматтарды сатып алуу боюнча атайын бекитилген баанын өлчөмүнөн эки эсе кымбат баада келишим түзүлгөн. Натыйжада мамлекетке 127 миллион 185 миң сомдук зыян келтирилген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 339-беренеси (билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: