super.kg logo
  Саясат  

Жапаров менен Мирзийоев телефон аркылуу сүйлөштү. Талкууланган маселелер

 

Бүгүн, 4-июлда президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Сүйлөшүүдө мамлекет башчылары кыргыз-өзбек достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.

Ал өз убагында чечкиндүү жана макулдашылган аракеттердин аркасында Каракалпакстандагы кырдаалдын нормалдашуусун камсыздоо жана анын мындан ары курчушуна жол бербөө мүмкүн болгондугун баса белгиледи.

Ошондой эле Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформалардын жыйынтыктары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болуп кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Тараптар ушул жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышканы белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: