super.kg logo

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады

 

Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 4-июль күнү саат 19:30 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунун 27- чакырымында ​орун алып, анда Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан.

Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген. Такталган маалыматка ылайык, каза болгондор 2015-жылы туулган М.Д. жана 1953-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: