super.kg logo

Чоң Чүй каналында изделип жаткан 59 жаштагы жаран табылды

 

Чоң Чүй каналында изделип жаткан жаран табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Бишкектеги Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 59 жаштагы жаран кечээ, 4-июлда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан табылып, сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Таң эрте издөө ишин жүргүзүү максатында ӨКМдан 22 куткаруучу тартылган.

Эске салсак, 29-июнь күнү борбор калаанын Свердлов районундагы Орозбеков көчөсүндө 1963-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран Чоң Чүй каналына түшүп жатып, сууга агып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: