super.kg logo

"Ласковый май" тобунун продюсери Андрей Разин Юрий Шатуновдун өлүмүнө ким күнөөлүү экенин айтты

 

Орусиялык "Ласковый май" тобунун продюсери Андрей Разин топтун мурдагы солисти, маркум Юрий Шатуновдун өлүмүнө Ставрополь шаарынын судьясын күнөөлүү деп эсептейт. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Разиндин айтымында, судьянын Шатуновдун пайдасына чыгарган чечими туура эмес болгон.

"Судья Шатуновдун пайдасына чечим чыгаруу менен аны өлүмгө алып келди. Себеби бул кубанычтуу кабарды Шатунов эмоционалдык жактан көтөрө албай калды. Анткени алдыда аны оор гастролдор күтүп турмак", - деген ал.

Ошондой эле ал соттун чечимин жокко чыгарууга, керек болсо судьяны иштен алуу үчүн күрөшөрүн билдирген.

Белгилей кетсек, "Ласковый май" тобунун мурдагы солисти Юрий Шатуновго аталган топтун ырларын ырдоого тыюу салынган. Кийинчерээк Шатунов менен Разин сотко кайрылып, судья бул ишти Шатуновдун пайдасына чечип берген болчу.

Эскерте кетсек, Юрий Шатунов 23-июнь күнү жүрөгү кармап каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: