Өлкөнүн эки жогорку окуу жайында аскердик кафедралар ачылат
Кыргызстандын Коргоо министрлиги өлкөдөгү эки окуу жайга аскердик кафедра ачууну көздөп жатат. Министрликтен билдиришкендей, аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору колдоо тапса, аскердик кафедралар Эл аралык илим жана бизнес университетинин (жарандык коргоо адистиги боюнча), Дене тарбия жана спорт академиясынын базасында (жарандарды чакырууга чейинки даярдоо адистиги боюнча) ачылат.
"Учурда бул боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, даярдоо иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти министрликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.