Бишкек шаарында кичи автобустар каттамдан алынабы? Мэрдин жообу
Бишкекте шаар бийлигинин 100 күндүк аткарылган иштери тууралуу маалымат жыйын өтүүдө. Анда мэр Эмилбек Абдыкадыровго шаарда кичи автобустар каттамдан алынабы деген суроо узатылды.
Мэрдин айтымында, учурда шаарга газ менен жүрүүчү автобустарды сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат.
"Жалпы 350 автобус алып жатабыз. Жыл аягында газ менен иштей турган автобус алып келебиз. Маршруттук таксилердин жетекчилери менен сүйлөштүк. Аларга газ менен иштей турган автобус сатып алууга катышкыла, силердин каттамды өзгөртпөйбүз дедик. Алар туура түшүнүп, мүмкүнчүлүгү барлар катышабыз дешти. Мунун баары убакытты талап кылат", - деди мэр.
Мындан тышкары ал жакында 100 автобус сатып аларын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.