super.kg logo

Мэр: "Коомдук транспорттун каттам убактысын узартуу үчүн тарифти көтөрүү керек"

 

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк аткарылган иштер тууралуу маалымат жыйын берүүдө. Анда мэрге коомдук транспорттун каттам убактысын узартууга болобу деген суроо берилди.

"Автобус жана троллейбустун каттам убактысын көбөйтүү үчүн тарифти көтөрүү керек. Ошондой эле бюджеттен акча бөлүү зарыл. Себеби коомдук транспорт өзүн-өзү актай албайт. Бул маселени карап көрүү керек", - дейт мэр.

Ошондой эле калаа башчы накталай эмес төлөмгө өткөрүү иши күзүндө ишке ашырыларын билдирди.

"Ал эми коомдук транспортту накталай эмес төлөмгө өткөрүү мөөнөтү жылдырылды. Шаарга автобустарды алып келген соң комплекстүү иштерди жүргүзөлү деп турабыз, тактап айтканда накталай эмес төлөмдү киргизебиз, - дейт мэр.

Мындан тышкары калаа башчысы ноябрь айында коомдук транспортко накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү мүмкүн экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: