super.kg logo

АКШнын Эгемендүүлүк күнүнө карата фейерверктер атылып жаткан учурда ок атуу болду (видео)

 

АКШнын Филадельфия шаарында Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо учурунда ок атуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Филадельфия шаарында АКШнын Эгемендүүлүк күнүнө карата фейерверктер атылып жаткан учурда белгисиз адам ок чыгарган. Анын кесепетинен эки полиция кызматкери жаракат алган.

"Ок атуу "Wawa Welcome America" майрамынын акыркы күнүндө, шаардагы көркөм сүрөт музейинин жанында башталган. Анын кесепетинен бир полиция кызматкери башынан, экинчиси оң далысынан жараат алган. Учурда абалдары туруктуу.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, ок концерттик аянттын сыртында атылган жана полиция кызматкерлери элди качууга чакырган", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Филадельфиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы шаар тургундарын ок атышуу болгон аймактан оолак болууга чакырганы айтылат.

Видеодо көрүнгөндөй, майрамдык иш-чарага миңдеген адам катышкан.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: