Милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан аялды куткарып калды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-июль күнү саат 18:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Радуга” эл алуу жайында эс алып жаткан 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурунда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.
Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери Адылбек Апышев жардамга чакырган үндү угуп калып, дароо чуркап барып пирстен сууга секирип, аял кишини куткарып чыккан.
Эс алуучуну сууга чөгүп бара жаткан жеринен аман-эсен куткарып чыккан Адылбек Апышевге аялдын жакындары терең ыраазычылыгын билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
3

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.