super.kg logo

Чүйдө милиция кызматкерлери ар кандай кырсыктардын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат

 

Чүйдө үй-бүлөлүк зомбулукту, улуттар аралык чыр-чатакты жана сууга чөгүүлөрдү алдын алуу боюнча иштер аткарылууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери район ичиндеги айылдарды кыдырышып, үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, улуттар аралык чыр-чатактарды жана жай мезгилине байланыштуу сууга чөгүүлөрдү болтурбоо максатында жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды тынымсыз өткөрүшүүдө.

5-июль күнү милиция кызматкерлери Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен айылдарды кыдырышып, жергиликтүү тургундарга жай мезгилинде сууга чөгүүлөрдү алдын алуу боюнча бир катар кеңештерди беришти.

Андан сырткары милиция кызматкерлери жолугушууда улуттар аралык чыр-чатактардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттери жана аларды алдын алуу боюнча да айтышып, жашоочулар менен кенен маек курушуп, ынтымак, бири-бирине болгон сый-урмат бар жерде ар дайым өнүгүү бар экендигин эскертишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: