super.kg logo

Токмокто жабыр тарткан келиндин жолдошу: "Кайнагамдын ордунда мен болсом деле ошол окуя кайталанмак"

 

Токмокто карындашына зомбулук көрсөткөн адамга травматикалык тапанчадан ок чыгарып, өлтүрүп алган окуядан кийин SUPER.KG порталы жабырлануучу Асел Жумакулованын пикирин чагылдырган. Бул ирет SUPER.KG порталы Асел Жумакулованын жолдошу Эрлан Кожомамбетов жана маркумдун кошуналарынын пикирин чагылдырды. Маркумдун жакындары, жубайы комментарий берүүдөн баш тартты.

"Мен окуя болгон жерге 5 мүнөттөй кеч бардым. Кайнагамдын ордунда мен болгондо ошол эле окуя кайталанмак. Жубайыңа, жакын адамыңа бирөө кол көтөрүп жатса чыдап тура албайсың. Бирок кайнагамда өлтүрөм деген ой болгон эмес. Кокустук болуп калды", - деди Эрлан Кожомамбетов.

Толук маалыматты видеодон көрүңүздөр.

Маалымат үчүн: 1-июлда Чүй облусунда карындашынын намысына тийген кишини агасы атып салганы, ал кармалып, Токмок шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени жазылган.

Ал эми карындашы Инстаграм баракчасында окуянын чоо-жайын айтып, кыргыз элинен жардам сураган. Көп өтпөй карындашын коргоп, ок аткан адамдын ишин акыйкатчы көзөмөлдөй турганы айтылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: