super.kg logo

Азамат Жаманкулов “Кичинекей Брюс Ли” Нурмухаммед Ташмаматов менен жолукту

 
Азамат Жаманкулов “Кичинекей Брюс Ли” Нурмухаммед Ташмаматов менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июлда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов белгилүү актёр Брюс Линин ыкмаларын дал өзүндөй туурап, көпчүлүктү таң калтырган Нурмухаммед Ташмаматов менен жолукту.
Жолугушууда Нурмухаммеддин "нунчак" менен теннис ойногон шамдагай трюктарын “Гиннесстин китебине” каттоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп, өз кезегинде Азамат Жаманкулов маданият министрлиги аны иш жүзүнө ашыруу үчүн тиешелүү жардамдарды бере тургандыгын маалымдады.
Жолугушуунун жүрүшүндө дени сак жашоо жана спорттун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы үчүн Нурмухаммед Ташмаматовго Маданият министрлигинин “Ардак грамотасы” тапшырылды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: