super.kg logo

Ысык-Көлдө көлгө чөгүп бара жаткан 2 кызды аскер базасынын кызматкерлери сактап калды

 

Ысык-Көл облусунда көлгө чөгүп бара жаткан кыздардын өмүрүн аскер базасынын кызматкерлери сактап калышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз районунун Липенка айыл аймагынын Кой-Сары тилкесинде эки кыз көлгө чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган аймакка Каракол шаарынан 3 куткаруучу тартылган. Ал арада куткаруучулар жерине жеткиче райондун Кой-Сары аскер базасынын кызматкерлери чөгүп бара жаткан кыздарды катер менен сүзүп барып, өмүрүн сактап кала алышкан.

Алар көл жээгине чыгарылган эки кызды ӨКМнын куткаруучуларына өткөрүп беришкен. Андан соң куткаруучулар Жети-Өгүз менен Липенка айылынын кесилишине чейин алып келип, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Алдын ала маалымат боюнча, кыздардын абалы оор. Алар 22 жашта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: