Түркмөнстандын президенти өлкөнүн коопсуздук министрлерине сөгүш берди
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов бир катар мамлекеттик кызматкерлерге сөгүш берди. Бул тууралуу РИА Новости түркмөн басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Ага ылайык, өлкөнүн коргоо министри, мамлекеттик коопсуздук кеңешинин баш катчысы Бегенч Гундогдыевге жана Улуттук коопсуздук кызматынын министри Гурбанмырат Аннаевге сөгүш берилген.
Маалыматта айтылгандай, президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында ишиндеги кемчиликтер, өз кызматына болгон жоопкерчиликсиздик жүйөсү менен жогоруда аталган министрлерге сөгүш берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.