super.kg logo

Ошто тоноого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

 

Ошто оор беренелер менен бир канча жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБинин маалыматында жызылды.

Билдирүүгө ылайык, милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда 5-июль күнү Ош шаарында белгисиз жаран коркутуп, жанындагы 300 долларын жана 60 000 сомун тартып алганын билдирген.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, шектүүнү кармоо боюнча атайын иш-чаралар уюштурулган.

Кылмышка шектүү ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. Мурда Орусияда бир нече жолу оор беренелер менен соттолгон жана Кыргызстанда дагы бир нече жолу сот жообуна тартылган 1983-жылы туулган Э.А. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалды.

Бүгүнкү күндө шектүүнүн үстүнөн иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: