Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан беш ракета атылгандыгы маалым болду
5-июлда Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан беш ракета атылгандыгын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Телеграм каналы аркылуу жарыялады.
Маалыматка ылайык, түшкөн снаряддар жарылбагандыктан адам өлүмү жана кыйроолор болгон эмес.
“Өзбекстандын убактысы менен саат 16:20 чамасында Өзбекстандын аймагына Ооганстан тараптан учкан деп болжолдонгон беш ракета кулап түшкөн. Термез шаарындагы «Мажнунтол» кичи районундагы 4 турак үйгө анча оор эмес зыян келип, бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Табылган снаряддар сапёрдук бөлүм тарабынан зыянсыздандырылды” , - деп жазылат маалыматта.
Азыркы тапта Өзбекстандын тиешелүү органдары ооган тарап менен окуянын себептерин иликтеп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:35
2025-06-30
11:01
2025-06-30
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.