Камчыбек Ташиев: "Уулум чыкты, күнөөлөрү такталган жок"

Мындай маалыматты кечээ, 2-декабрда саат 22лер чамасында Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты. Ал "Уулум чыкты, күнөөлөрү такталган жок. Эң башкысы, мен өлкөдөн сырт жакта болуп, ишине эч бир кийлигишкен жокмун" деген билдирүүнү калтырган.
Автор: Дамира Арстанова
Эске сала кетсек, 1-декабрда “Унаа-ууру” рейди жүргүзүлүп, анын натыйжасында 18 жаштагы Т.Тимурлан, 17 жаштагы М.Самидин, 18 жаштагы А.Фарух, 17 жаштагы М.Эрнист кармалган. Алар Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн уурдап жаткан жеринен кармалышкан.
Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда, Ташиев Тимурландын башкаруусундагы Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен 8 кирпич, дөңгөлөктүн 20 тирөөч болту, 3 баллондуу ачкыч жана домкрат табылып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

