super.kg logo

13 жашар кыздын ата-энеси: "Кызымды 2 милиция, 2 жөнөкөй жаран зордуктап жүрүптүр"

 

Бишкек шаарынын тургундары 13 жашар кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып чыгышты. Ата-эненин маалыматына ылайык, алар кызды коркутуу жолу менен зордукташкан. Жабырлануучулар SUPER.KG порталына бул окуя тууралуу айтып беришти.

"Кызымдын тагдырын алгач милиция кызматкери талкалаган экен. Кийин колдон-колго өткөрүп жүрүшүп, жалпы жолунан төрт адам зордуктаган. Окуя өткөн жылдын август айынан, 2022-жылдын февраль айына чейин уланган. Биз бул тууралуу кокусунан билип калдык. Кызым башында окуяны жашырган. Анткени зордуктагандар кызымды коркутуп койгон экен.

Бул иш боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бирок биз Биринчи Май РИИБинин тергөө иштерине нааразыбыз. Анткени бул төрт адам бири-бири менен байланышта. Бирок тергөөчү ал жагдайды эске албай, туура эмес иштерди жүргүздү. Сот туура эмес чечим чыгарып, айыптуулар жоопкерчиликтен бошонуп кетеби деп коркуп жатабыз", - деди кыздын ата-энеси. Толук маалымат видеодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: