super.kg logo

Сүлүктүдө 2 кабаттуу спорт комплексинин курулушу башталды (сүрөт)

 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн Сүлүктү шаарында 2 кабаттуу заманбап спорт комплексинин курулушу башталганын билдиришти.

Ага ылайык, курулуш ишинин капсула салуу аземине президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облустук мекеме-ишканалардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аксакалдар жана шаар тургундары катышты.

Жалпы сметалык баасы 26 миллион сомду түзгөн спорт комплексинде спорттун волейбол, футбол жана баскетбол түрүнө ылайыкташкан атайын аянтчалар бар. Ал эми спортчулар үчүн толугу менен заманбап шарттары да каралган.

Комплекстин жалпы аянты 80 чарчы метр. Курулуш ишин 2022-жылдын октябрь-ноябрь айларына бүткөрүү пландаштырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: