super.kg logo

Мас айдоочулар 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

 

Өлкөдө мас абалында унаа башкаргандарга жаза чарасы катаалдайт. Эл өкүлү Марлен Маматалиев Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Сунушталып жаткан мыйзам колдоо тапса, мас абалында унаа башкарып эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп белгиленген.

Жаңы жобого ылайык, алкоголдун концентрациясынын жол берилген чегинен ашкандыгы үчүн айып пул 50-80 миң сом болору айтылган. Азыркы тапта 17 500 сомду түзөт. Ал эми медициналык күбөлөндүрүүдөн баш тарткандыгы үчүн, ошондой эле унааны мас адамга башкарууга бергендиги үчүн да 17500 сом айып каралган.

Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, Кыргызстанда жол кырсыктарынын эң негизги себеби - мас абалында унаа башкаруу болууда. Экинчи орунда жогорку ылдамдыкта айдоо турса, андан кийин айдоочуларда тиешелүү квалификациянын жоктугу, ошондой эле айдоо тажрыйбасынын жоктугу.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон, алардын ичинен 93ү жашы жете электер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: