super.kg logo

Бишкекте бүтүрүүчүлөрдүн аттестат алуу аземине байланыштуу блок посттор коюлат

 

Бүгүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө блок посттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан бардык унаалар текшерилет. Бул туурасында милициянын кайгуул кызматынан маалым болду.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн Бишкек шаарындагы мектептерде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча аттестат алуу аземи өтүп жатат.

"Буга байланыштуу кыйгуул кызматкерлери ар бир орто мектептерде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Андан сырткары бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча топтошуп, тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши үчүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блок посттор орнотулат. Өспүрүмдөр менен бара жаткан бардык унаалар текшерилет.

Андыктан ата-энелерди балдарын кароосуз калтырбай, көзөмөлдөп турууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: