Кыргызстандык окуучу Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медалга ээ болду
Бишкектеги №61 мектеп-лицейинин окуучусу Фёдор Корнияш өспүрүмдөр арасындагы XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, олимпиада 28-июндан 3-июлга чейинки аралыкта Босния жана Герцеговинанын Сараево шаарында өтүп, ага 18 өлкөдөн 108 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасы өспүрүмдөр арасындагы Балкан математикалык олимпиадасына биринчи жолу катышып, команданын курамына төмөндөгү окуучулар кирди:
- Фёдор Корнияш - Е.Б.Якир атындагы автордук физика-математикалык №61 мектеп-лицей;
- Абдумалик Турсунов - Келечек-MIT;
- Сейит Рыскулов - Газпром-Кыргызстан мектеби;
- Нурсултан Эшперов - Газпром-Кыргызстан мектеби.
Окуучуларды олимпиадага математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.