Бишкекте 35 бүтүрүүчүгө "Алтын тамга" артыкчылык аттестаты тапшырылды (сүрөт)
















Бүгүн, 7-июлда Бишкектеги мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында болду. Мыкты бүтүрүүчүлөргө артыкчылык күбөлүктөрүн калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров тапшырды, ал эми жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери муниципалитеттин ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
"Алтын" менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, шаардык жана республикалык көптөгөн конкурстардын жеңүүчүлөрү жана лауреаттары бар.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча "Алтын тамга" артыкчылык аттестатын 80 окуучу алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:50
2025-08-14

17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.