super.kg logo

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Аксыда эл менен жолугушту

 

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Аксы районунун жашоочулары менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 7-июль күнү ички иштер министри Улан Ниязбеков Аксы районунун тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков жана тиешелүү тармактарынын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар келген.

Жолугушуу учурунда Аксы районунун тургундары өздөрүнүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан көйгөйлөрүн айтышып, Улан Ниязбековдон мыйзам чегинде чечип берүүсүн суранышкан.

"Жарандар чөп чабык учурунда машиналар чөптөрдү тепсеп жатканын, жайыт маселеси чечилбегенин, суу каналдарын оңдоо жана куруу керектигин, жергебизде жарандар мал чарбачылыгы менен алектенип жаткандыктан ушул жакка да көңүл буруп коюну, жер үлүштөрүн пайдаланууда көйгөйлөр бар экенин, Кызыл-Капчыгай айылында таза суу жок экенин, жолдорду оңдоо керектигин, маданият тармагындагы жана айыл өкмөттөгү кызмат орундар боюнча кемчиликтерди, жаңы келген дарыгерлердин маяналарынын аздыгын айтышып, бул маселелерге дагы көңүл бурууну баса белгилешти.

Аксыда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган тескөөчүлөр аз болгондугуна байланыштуу жарандар Улан Ниязбековдон штаттык бирдик кошуп берүүсүн айтышып, бул райондо мурда 3 миң унаа болсо, азыр 10 миңдей унаа бар экени, кызматкерлер жетишпей жатканын кошумчалашты. Өз кезегинде Улан Ниязбеков бул маселени кыска убакыттын ичинде чечип берүүнү убадалады", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: