"Ала-Арча" жаратылыш паркына 14-июлга чейин унаалар киргизилбейт
Буга чейин "Ала-Арча" жаратылыш паркына 5-июлдан 8-июлга чейин унаалардын кирүүсүнө чектөө коюлган. Бирок бул чектөө 14-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу парктын администрациясына байланышканыбызда маалым болду.
Маалыматка ылайык, мындай чектөө жол оңдоо иштерине байланыштуу киргизилген.
"Ала-Арча" жаратылыш паркы - мамлекет тарабынан коргоого алынган аймак. Ал Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 чакырым түштүк тарапта жайгашкан. Аянты - 19,4 миң гектар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.