Бүгүн Кыргыз циркинде Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнө карата иш-чара өтөт
Бүгүн, 3-декабрда саат 12:00дө Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүнө карата Кыргыз циркинде иш-чара өткөрүлөт. Иш-чарага Кыргыз мамлекеттик циркинин жетекчилиги катышат. Бул тууралуу КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чаранын жүрүшүндө майрам ээлерине арналган концерт уюштурулмакчы.
Белгилей кетсек, 1992-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы 3-декабрды Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнү деп жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















