Муфтият: "Садыбакас Дооловдун сөзү кадыр-баркка шек келтирбейт"
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы социалдык тармакта талкуу болуп жаткан Садыбакас Дооловдун видеосун 3 критерий менен карап чыкты.Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, анда шариятты бузбагандыгы, саясатка аралашпагандыгы жана жеке бир адамдын аброюна жана кадыр-баркына шек келтирбегендиги аныкталган.
"Учурда Садыбакас Доолов менен баарлашуу иштери жүргүзүлүп, элге айта турган сөздүн мааниси толук жетпей калгандыгы айтылды", - деп жазылган маалыматта.
6-июлда социалдык тармакка диний ишмер Садыбакас Дооловдун видеосу тараган. Анда имамдын ачык кийинген кыз-келиндер тууралуу кеп кылганы кызуу талкуу жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
9
9
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















