Азия чемпиондугу: Кыргыз балбаны акыркы секундда укмуштуудай ыкма жасады (видео)
Бахрейндин борбору Манама шаарында өтүп жаткан 20 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Имур Темирбеков коло байгеге ээ болду.
Ал коло байге үчүн өзбекстандык Ильосжон Абдиназаров аттуу балбан менен кез келди. Имур Темирбеков 5:4 эсебинде жеңилип жатып, беттеш бүтөөрүнө 3 секунд калганда атаандашынын артына секирип өтүп, укмуштуудай ыкма жасады. Калыс бул үчүн 4 упай берди.
Буга нааразы болгон өзбекстандык машыктыруучу "Челленж" ыргытты. Калыстар ыкманы кайра карап көргөндөн кийин кыргыз балбанына дагы бир упай ыйгарды.
Жыйынтыгында Имур Темирбеков 9:5 эсебинде жеңишке жетип, Азия чемпиондугунда коло байге утту.
Кыргыз балбаны акыркы секундда укмуштуудай ыкма жасады
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.