Синдзо Абэге кол салган жерден видео жарыяланды
Социалдык тармактарда Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэге кол салуу болгон жерден видео жарыяланды.
Видеодо көрүнгөндөй, жарадар болгон саясатчынын айланасына бир топ адам чогулган. Алардан бир аз алысыраак жерде коопсуздук кызматкерлери белгисиз адамдын колдорун кайрып кармап турат. Бул кол салган адам экени айтылды.
Буга чейин Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда белгисиз адам Абэге ок атуучу курал менен кол салганы кабарланган. Кол салган адам саясатчыга эки жолу ок чыгарган.
Маалымат булактарында экс премьер-министр ооруканага жаткырылганы, бирок саясатчынын абалы тууралуу маалымат айтыла электиги жазылды.
Синдзо Абэге кол салган жерден видео
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.