super.kg logo

Колдон-колго өтүп зордукталган 13 жашар секелек кызга каражат чогултула баштады

 

Зордуктоого кабылган 13 жашар секелек кызга акча чогултула баштады. Бул тууралуу алып баруучу Эркин Рыскулбеков Инстаграм баракчасына жарыялады.

“Зордуктоодон жабыр тарткан 13 жашар кызга жардам берели. Кыздын атасы эмгек миграциясынан жаңы кайтып, учурда жумушсуз. Апасынын ден соолугу начарлап баратат (боору ооруйт). Кызыбызга күчтүү психологиялык колдоо жана узак реабилитация зарыл. Учурда ар бир сом - чоң жардам болгону турат. Акча которууңузду “для девочки” билдирүүсү менен коштоп коюңуз”, – деп жазган ал.

Эске салсак, буга чейин 13 жаштагы кыздын зордуктоого кабылгандыгы боюнча кабар желдей тараган. Анда "Дордой" базарындагы кароолчу зордуктагандыгы айтылган.

Андан соң кыздын ата-энеси SUPER.KG порталына бул окуя тууралуу 13 жашар кызын 2 милиция кызматкери жана 2 жөнөкөй жаран жарым жылдай зордуктап жүрүшкөндөрүн айтып беришкен. Алардын айтуусунда, мындай көрүнүш өткөн жылдын август айынан 2022-жылдын февраль айына чейин уланган.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн баары тергөө абагына камалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: