super.kg logo
  Саясат  

Ош ОИИББи: Шаарда түнү коомдук абал тынч болду

 

Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы "шаарда түнү коомдук абал тынч болду" деп билдирди. Борбордук аянтка орнотулган боз үйдө онго жетпеген адам түнөгөн.

Эске салсак, кечээ, 2-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен митинг өтүп, ага болжол менен 5 миңдей адам катышкан. Алар депутат Ахматбек Келдибековду бошотуу талаптарын КТРК жана ЭлТР каналдарынан түз берүү жана Аида Салянова менен Элмира Ибраимованы дебатка чакыруу талаптарын айтышкан.

Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибеков "коррупция" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык 20-ноябрда кармалган. 22-ноябрда Октябрь райондук соту депутатты баш коргоо чарасы менен 2 ай камоо чечимин чыгарган. Адвокаттардын депутатты үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчү Бишкек шаардык сотуна жөнөтүлгөн эле.

Кечээ, 2-декабрда Бишкек шаардык соту депутат Ахматбек Келдибековдун ишин карап чыгып, Октябрь райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды. Сот чечимине ылайык Ахматбек Келдибеков 2014-жылдын 19-январына чейин УКМКнын тергөө абагында отурат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: