Эртең Айт намазына карата Бишкектеги айрым көчөлөр жабылат (тизме)
Эртең, 9-июлда Айт намазына карата Бишкекте бир катар борбордук көчөлөр жабылат.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, эртеңки Айт намазын өткөрүү жана ага даярдануу учурунда саат 04:00дөн 08:00гө чейин төмөнкү көчөлөр жабылат:
- Чүй кең көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Жабыла турган көчө кесилиштери:
- Тыныстанов көчөсү менен Абдумомунов көчөсүнүн кесилиши;
- Логвиненко, Панфилов, Орозбеков, Тыныстанов көчөлөрүнүн Чүй жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишкен жерлери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-12-20
14:59
2025-12-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















