super.kg logo

"Нелегал-Трафик" издөө иш-чарасынын жүрүшүндө бир нече кылмыштын бети ачылды

 

"Нелегал-Трафик" комплекстүү издөө иш-чарасынын жүрүшүндө бир нече кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан 27-июндан 4-июлга чейин Кыргызстандын жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында "Нелегал-Трафик" комплекстүү издөө иш-чаралары өткөрүлгөн.

"Операциянын жүрүшүндө кызматтын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүдөй фактылардын бетин ачуу боюнча иш-чаралар аткарылды:

- мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аныкталган укук бузуулар - 369;
- Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу - 2;
- чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргызстанда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу - 28;
- өлкө аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу - 34;
- чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу - 305;
- мыйзамсыз миграцияны уюштуруу - 45;
- ок атуучу куралды алуу - 2;
- мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталды - 3;
- экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча 2 кылмыш аныкталды;
- эл аралык издөөдө жүргөн 6 жаран кармалды;
- юридикалык жана физикалык жактарга 1 миллион 961 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: