super.kg logo

Ошто 4 тоннадан ашуун кара куурай өрттөлдү

 

Ош облусунун аймагында "Кара куурай" аталышындагы иш-чара жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-июлдан 10-июлга чейин Ош облусунун аймагында "МАК-2022" алдын алуучу иш-чарасынын биринчи этабы жүрүп жатат.

Жапайы өскөн кара-куурайды жок кылуу максатында жер-жерлердеги милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иштөө тобун түзүп иш алып барууда.

"6-июлда Араван районунун Аля Анаров айыл аймагынын жана Маңгыт айылынын талааларында табигый же атайын өстүрүлгөн баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү табуу жана жок кылуу боюнча 1 гектар жери изилденип, 1 тоннага жакын жапайы өскөн кара куурай орулуп, өрттөө жолу менен жок кылынды.

Иш-чара Кара-Суу районунун Савай, Сарай, Сары-Булак айыл аймактарынын талаасында баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөр 1,7 гектар жерден 2,5 тоннадан ашуун жапайы өскөн кара куурай жок кылынды.

7-июлда Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын аймагында табигый же атайын өстүрүлгөн баңгизаттарды камтыган өсүмдүктөрдү табуу жана жок кылуу боюнча 35 адамдан турган 3 топ түзүлүп 1 гектар жери изилденип, 1 тоннага жакын кара куурай өсүмдүгү өрттөлдү", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: