super.kg logo

Япониянын мурдагы өкмөт башчысына эмне себептен кол салуу болгону айтылды

 

Жергиликтүү полиция Япониянын мурдагы премьер-министри Синдзо Абэнин өмүрүнө эмне себептен кол салуу болгонун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, 41 жаштагы Тэцуя Ямагами мурдагы өкмөт башчыга нааразы болгонунан улам кол салганы айтылат.

"Тэцуя Ямагами убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш болгон жерде колго жасалган курал табылган. Кылмышка шектүү 2000-жылдардын ортосунда деңиз өзүн-өзү коргоо күчтөрүндө үч жыл кызмат өтөгөн. Ал Нара шаарында жашап келген", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Нара шаарында сөз сүйлөп жаткан учурда Абэге белгисиз адам ок атуучу курал менен кол салганы кабарланган.
Көп өтпөй мурдагы өкмөт башчынын алган жараатынан улам каза болгондугу айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: