super.kg logo

Күз мезгилинде бүтүндөй өлкөгө карантин киргизилиши мүмкүн экени айтылууда

 
“Бүтүндөй өлкөгө күзүндө карантин киргизилиши мүмкүн”. Бул тууралуу Республикалык штаб телеграм каналына макала жарыялады.
Жазылган маалыматка ылайык, Италия өлкөсү жабык жайларда бет капты алып салууга, иш орундарында аралыкты сактабай эле коюуга жаңыдан жетишкен. Ал эми бул өлкөдө коронавирустун жаңы 132 миң учуру катталды. 5 ай ичинде мындай көрсөткүч болгон эмес. Вирустун таралышынын туу чокусу ушул аптада күтүлүүдө.
Италиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги кезектеги эмдөө кампаниясын баштады. Төртүнчү доза карыларга, 80 жаштан ашкандарга жана тобокелдик тобуна кирген бейтаптарга - кант диабети, иммундук оорулары менен жабыркагандарга сунушталат.
Италияда төртүнчү доза талап кылынбайт, бирок дарыгерлер кампанияны активдүү жайылтуу керек деп кооптонушат. Омикрон штаммынын таралуу ылдамдыгына караганда күзүндө бүтүндөй өлкө карантинге алынышы мүмкүн.
Франция өлкөсү вирустун жаңы учурларынын таралышы жана саны боюнча рекорддук көрсөткүчтө. Күнүнө 100 миң учур. Аталган өлкөдө коомдук транспортто кайрадан бет кап тагынуу милдеттүү болуп калды.
Ал эми Германия өлкөсү рекорддорго карай Италия менен бирдей ылдамдыкта баратат: бир күн мурун 130 миң жаңы учур. Бирок бардык категориялар үчүн акысыз тесттер жокко чыгарылды, алар карыларга гана берилет.
"Эмдөө тууралуу кайрадан бардык деңгээлде айтылып жатат. БУУ дагы эле адамдар биринчи же экинчи дозасын албаган өлкөлөр бар экенин эске салды. Өзүңүздү жана үй-бүлөңүздү оор кесепеттерден сактаңыз", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: