Ысык-Көлдө жүргүнчүлөрдү түшүрүп жаткан маршруттук унааны жеңил унаа сүзүп кетти. Кырсыктан 3 адам жабыркады



Ысык-Көлдө жүргүнчүсүн түшүрүп жаткан Mercedes-Benz Sprinter автоунаасын Nissan X-Trail унаасы сүзүп кетти. Анын кесепетинен үч киши жабыркады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн саат 8:30дар чамасында Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолундагы эс алуу жайына бурулган жерде болгон. Кырсыктан кийин эки автоунаанын тең айдоочусу жана бир жүргүнчү Ысык-Көл райондук ооруканасына жеткирилген.
Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Алдын ала маалымат боюнча Nissan X-Trail унаасынын айдоочусу уктап кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.