super.kg logo
  Саясат  

Украина. Демонстранттар өкмөттөн бийликти тапшырып берүүсүн талап кылууда

 
Бүгүн түнү (3-декабрь) Киевдеги президенттин администрациясынын имаратында баш аламандыкты уюштурган деген шек менен 9 адам кармалды. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министрлиги чет элдик маалымат каражаттарына билдирген.
Украинадагы нараазычылык акциясы бүгүн да уланат. Евробиримдикке кирүүнү колдогон демонстранттар учурда өкмөттөн бийликти тапшырып берүүсүн талап кылышууда. Алтургай бүгүн, 3-декабрда Жогорку Рададагы оппозиция депутаттары өкмөткө ишеним көрсөтпөө тууралуу демилге көтөрүшөт. 
Бул окуя тууралуу Виктор Янукович кечээ, 2-декабрда жергиликтүү телеканалдарга интервью берип, митингди тынч өткөрүү керектигин, мыйзам бузгандар боюнча бардык териштирүүлөр мыйзам чегинде жүргүзүлөөрүн кабарлады. Ал эми Украинанын Премьер-министри Николай Азаров Евробиримдиктин, АКШнын жана Канаданын элчилери менен жолугуп, анда мамлекеттеги окуяларды өлкө бийлигин кулатууга жасалган аракет катары баалады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: