super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Президенттин куттуктоссу расмий сайтка жарыяланды.

Мамлекет башчынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу кыргызстандыктар!

Сиздерди жана дүйнөдөгү жалпы эле момун мусулмандар жамаатын ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм.

Биримдик, боорукерлик жана кайрымдуулук адамзаттын баа жеткис рухий байлыктарынан болсо, Курман айт – дал ушундай баалуулуктарды даңазалаган мусулмандардын башкы майрамдарынын бири.

Элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган Курман айт – бул Жараткандын буйрук-талаптарына баш ийип, ага моюн сунуунун, ыкластуулуктун белгиси.

Ата-бабаларыбыз да илгертен бери Жаратканга жакындоо максатында Курман айтта мал союп, курмандык чалып, куран окуп, жакшы бата-тилектерин айтышкан. Колунда барлар курмандыкка чалган малдын этин муктаждарга таратып, эл арасындагы бир туугандык сезимдерди арттырып, бири-бирине болгон сый-урматты күчөтөт. Мындай иш-аракеттердин аркасында барга топук, азга каниет кылып, мээримдүүлүк менен кайрымдуулукка үндөп келишкен. Ошентип калкыбыздын калың катмары кубана турган майрам катары Курман айт коомчулукта тең салмактуулукту жаратып, боордоштук, бир туугандык сезимдерди өркүндөтүп-өрчүтөт. Дегеле курмандык чалуу адам баласын ашкере сараңдыктан жана дүнүйө-мүлкүн көбөйтүүнүн артынан сая түшүү жосунунан куткарат. Ошону менен бирге жаман адаттардан арылууга да чоң өбөлгө түзөт.

Ушул күндөрү бир топ мекендештерибиз ажылыкта ибадат кылып жүргөн учуру.

Жараткан Алла мекендештерибиздин сойгон курмандыктары менен аткарган ажылык парздарын кабыл кылсын деп тилейли.

Жараткан ар кыл этностун жана конфессиянын өкүлдөрү мекен туткан күнөстүү Кыргызстаныбызга жана меймандос кыргызстандыктарга биримдик менен кайрымдуулукту, сабырдуулук менен берешендикти мол берсин.

Бул ыйык күндөрү тилеген тилектерибизди кабыл кылып, ар бир үйгө бакубат турмуш, элибизге ыйман-ырыскы алып келсин, ал эми өлкөбүзгө тынчтык, туруктуулук жана өнүгүү тартууласын.

Мээрим, ырайым, кут-береке жылоологон Курман айт майрамыңыздар маарек болсун!", - деп жазылган өлкө башчынын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: