Штаб: "Өлкөдө коронавируска каршы эч кандай чектөө чаралары каралган жок"
COVID-19га каршы республикалык штаб бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавируска каршы эч кандай чектөө чаралары пландалбаганын билдирди.
Маалым болгондой, буга чейин күз мезгилинде өлкөдө карантин киргизилиши мүмкүн экендиги айтылган.
"Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча бир нече толкун менен жайыла турган COVID-19 менен жашоону үйрөнүү зарылдыгын белгилеген.
Бирок Кыргызстанда коронавируска каршы эч кандай чектөө чаралары каралган эмес. Жогорудагы маалымтта дүйнөдөгү айрым мамлекеттердеги абал тууралуу сөз болгон", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:10
2025-08-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.